Турсунмамбет маметтокто
1931-жыл
6-айда артыш шаары тегирмети айылынын майдан кыштагында туулган. 1951-жылы кызматка
катышкан. 1954-жылы пайзабат ооданы 7-районунун (өз кезиндеги каражүл-тегирмети
айылынын) жаштар секретары, район башчысы, 1963~1965-жылдары артыш ооданы дыйканчылык
бөлүмүнүн башчысы болгон. 1965-жылдан тартып автоном райондук дыйканчылык назаратында
кызмат иштеген. 1972-жылы 9-айдан 1975-жылы 7-айга чейин шинжаң университетинин
ханзу тили кесибинде билим ашырган. 1982-жылдан 1988-жылгачейин дыйканчылык
назараты өндүрүш башкармасынын орунбасар башчысы, башчысы болгон. 1988-жылы
12-айда эс алууга чыккан. 1992-жылы 5-айда үрүмчүдө казаа болгон.
Уйгур тилинде жазган макалалары «Шинжаң гезити» жана «Дыйканчылык техникасы»
аттуу журналда жарык көргөн. «Маржан сөздөр», «Момуя жөнүндө» аттуу китептерди
басмага даярдаган.