Турсун жумалы уулу

 1967-жылы 10-айдын 25-күнү акчий ооданы кулансарак айылында туулган. 1990-жылы шаңхай чыгыш жуңго пидагогика университетинин жуңго тил-адабият факултетин бүтүрүп, <<Шинжаң кыргыз адабияты>> журналында иштеген. 2002- жылы 10-айда Шинжаң эл радио стансиясы көркөм-өнөр бөлүмүнө жөткөлгөндөн бери, кыргызча адабият-көркөм өнөр гуруппасын жетектеп келет. 1984-жылдан баштап чыгармалары байма-бай жариялана баштаган. 2001-жылы <<Мерген>> аттуу аңгеме-повесттер жыйнагы Шинжаң эл басмасынан жарык көргөн. <<Манас>> эпосунан баатыр манас бөлүгүн кара сөзгө айландырган. 50 сериялуу радио драммасын жазган. Ал көптөгөн илимий макалалардын автору. <<Мерген>> аттуу китеби автоном райондук 4-кезектүү китеп баалоодо 2-даражалуу сыйлыкка татыктуу болгон. <<Жуңгодогу аз сандуу улуттардын жөрөлгөлүү маданият энисклопедиясы>> аттуу китептин кыргыздар бөлүгүн жазган. Автоном райондук жазуучулар коомунун, эл ооз адабиятчылар коомунун жана жуңго <<манас>> изилдөө коомунун мүчөсү.