1966-жыл 12-айдын 26-күнү Артыш шаары тегирмети айылынын майдан кыштагында туулган. 1974-жыл 9-айдан 1982-жыл 7-айгачейин өз айылында баштооч жана толуксуз орто мектептерде, 1984-жыл 7-айгачейин кызылсуу областтык 3-орто мектепте окуган. 1984-жыл 9-айдан 1990-жыл 7-айга чейин Шинжаң мидитсина иниститутунун дарылоо факултетинде окуган. 1990-жыл 9-айдан бери Артыш шаардык эл доктурканасы тышкы ооруларды дарылоо бөлүмүндө иштеп келет. 1995-жыл 1-айдан 6-айга чейин Иле областтык доктурканада, 2000-жыл 6-айдан 2001-жыл 6-айга чейин Шинжаң мидитсина университети 2-доктурканасында билим ашырган. Азыр Артыш шаардык эл доктурканасы тышкы оорулар бөлүмүндө орунбасар бөлүм башчылык милдетин аткарат. Кесиби боюнча адис вирач илимий атагын алган. Илимий макалалары «Chinese journal of urology» илимий журналы, «мамлекеттик жаштар мидитсина илими макалалары» жыйнагы, «Шинжаң оорунун алдын алуу» илимий журналы жана «Шинжаң мидитсина университети илимий журналы» сыяктуу журналдарда жарык көргөн.