Турду алымбек уулу

   1944-жылы улуучат ооданы тойун айылынын кымызсуу деген жеринде туулган. 1968-жылы Бейжин пидагогика университетинин адабият факултетин бүтүрүп, «Шинжаң гезити» мекемесине кызматка орундашкан. Алгачында бир мезгил уйгур редаксиясында котормочу, кабарчы болуп иштеген. Кийин «Шинжаң сүрөттүү журналы»нын кабарчылар гуруппасына жөткөлүп, кабарчылык кызматын уланткан.
  Ал кыргыз элин аралап, тоо-ташты кезип 30 жыл кабарчылык жана Фото сүрөтчүлүк кызматын иштеди. Кыргыздар конуштанган жерлердин баарына барып, сүрөт тартып, макала жазып кыргыз элин боордош улуттарга тааныштырды. 1989-жылы Шинжаң эл басмасы жагынан жарык көргөн «Жуңго Шинжаң» аттуу сүрөттүү китепте анын кыргыздын салт-санаасы жана табийгат көрүнүштөрүн туюнткан 53 парча сүрөтү киргизилген. Мамлекет ичиндеги көптөгөн сүрөттүү журналдарда анын фото сүрөттөрү жана макалалары жарык көргөн.
  Ал табийгат көрүнүшүн сүрөттөөгө чебер фотограф. Турду алымбек уулунун «Жуңго кыргыздарынын улуттук салт-санаасы» аттуу сүрөттөр жыйнагы буюрса көрөрмөндөр менен жүз көрүшөт. Ал жуңго фото сүрөтчүлөр коомунун мүчөсү.