Тукаш жума уулу

  1957-жылы 3-айда Артыш шаары Тегирмети айылынын майдан кыштагында туулган. Өз айылында баштооч жана толуксуз орто мектепте окуган. 1975-жылы 11-айдан 1978-жылы 7-айга чейин Шинжаң көркөм өнөр иниститутунун музика чыгармачылык факултетинде окуган. 1978-жылы 9-айда Улуучат оодандык уламучурга кызматка бөлүнгөн. 1985-жылы 6-айда Үрүмчү нефит-химия баш завоту 2-орто мектебине кызмат жөткөп музика мугалими болгон. 1991-жылы 1-айдан бери ошол завоттун жаш-өспүрүмдөр сарайында кызмат иштеп келет.
  Тукаш жума уулу элибизге таанымал обончу. Азырга чейин 60 тан ашуун ыры радиодо уктурулуп келет. Чыгармалары Абтоном район жана үрүмчү шаары жагынан уюштурулган музика аткаруучулук мелдештеринде сыйлыктарга татыктуу болгон. Кыргызча музика окуулугун түзүүгө катышкан. 1998-жылы 3-айда Үрүмчүдө «Сезим кайрыктары» аттуу өзүнүн жалгыз кишилик ыр кечин өткөрүп жакшы баага татыктуу болгон. 2004-жылы 6-айда «Обондон бүткөн от жүрөк» аттуу VCD пластинкасы жарык көргөн. Тукаш жума уулу шинжаң музиканттар коомунун мүчөсү.