1965-жылы
12-айдын 5-күнү артыш шаарына караштуу тегирмети айылынын корумдук кыштагында
туулган. 1986-жылы 7-айда хотен пидагогикалык жогору техникомунун тил-адабият
кесибин бүтүргөн. Ошол жылы 9-айдан баштап автоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр
бирикмесинин <<манас>> изилдөө ишканасында 10 жыл емгектенди. 1996-жылы
6-айдан бери <<Шинжаң кыргыз адабияты>> редаксиясында кызмат иштеп
келет. азыр ошол журналдын жооптуусу.
Азырга чейин <<манас>> эпосунан 6 китеп, кыргыз елдик адабияты боюнча
чыгармалардан 4 китеп, <<манас>> епосу боюнча илимий макалалар жыйнагынан
2 китепти түзүп басмадан чыгарды. Иштеген емгектерине ылайык кыргызыстан <<манас__1000>>
мамлекеттик комиссиясы жагынан берилген << манас >> кызматына емгек
сиңирген ишмер сыйлыгынын ееси. мамлекет ичинде болсо, мамлекет даражалуу еки
сыйлыктын, автоном район даражалуу 6 сыйлыктын ээси болду.
Ал азыр жуңго <<манас>>изилдөө коомунун орунбасар баш катчысы, <<манас>>
редаксиялык коллегиясынын мүчөсү, автоном райондук жазуучулар коомунун мүчөсү,
автоном райондук эл адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун мүчөсү, автоном райондук
байыркы чыгармаларды жыйноо, иреттөө, басмадан чыгарууга жетекчилик кылуу гуруппасы
кыргыз гуруппасынын мүчөсү болуп иштөөдө.