Токтонияз абдылда уулу

 1947-жылы 9-айдын 30-күнү Аксуу аймагы Онсуу ооданынын Атойнок жайлоосунда туулган. Моңгулкүрө ооданынын Шаты кыргыз улуттук айылында өскөн. 1964-жылдан 1968-жылга чейин Иле пидагогика иниститутунда окуган. Шаты айылында орто мектеп мугалими, илимий мудур, мектеп мудуру болгон. «Иле Гезити»нде кабар, очерк, эргиме жана казакча ырларды жариялаган. 1981-жылы Шинжаң агартуу басмасынын кыргыз редаксия бөлүмү курулганда ошол бөлүмгө жөткөлгөн. Баштоочтун «Алыпбе» окуулугунан тартып толуксуз, толук орто мектептердин «Адабият», «Грамматика» сыяктуу окуулуктарын түзүүгө катышкан. Ал түзгөн «Алыпбе» 1990-жылы 9 өлкөнүн окуулук китептерин баалоодо 1-даражалуу сыйлыкка жана мамлекеттик 3-даражалуу сыйлыкка, «Эне тил» окуулугу мамлекеттик 3-даражалуу сыйлыкка татыктуу болгон. Анын жооптуу редактурлугунда түзүлгөн 10-кластын «Адабият» окуулугу 2000-жылкы мамлекеттик улуттар тилиндеги окуулуктарды баалоодо 1-даражалуу сыйлыкка татыктуу болгон.
Ал азырга чейин 100 дөн ашуун окуулук китепти түзүүгө катышкан жана жооптуу редактурлугун иштеген. Окуулуктардагы ырларды кыргызчага которгон. 1994-Жылы адис редактурлук илимий атагын алган. 1990-жылдан бери Жогору окуу жайларынын мамлекеттик бир туташ сыноосунун кыргызча «Адабият» бөлүгүн чыгаруу, кагаз текшерүү жумушун аткарып келет. «Алтын уя» аттуу ырлар жыйнагы Шинжаң эл басмасы жагынан жарык көргөн. Ондон ашуун дастан, бир мунча аңгеме-повесттерди жана ырларды, ыр текисттерин жазган. Балдар адабиятына тиешелүү «Баатыр бала» аттуу чыгармасы 1991-жылы автоном район боюнча 3-кезектүү балдар адабиятын баалоодо 3-даражадагы сыйлыкты жеңип алган. Илимий макалалары жана ырлары гезит-журналдарда жарияланган жана радиодо уктурулган.
Ал азыр Шинжаң эл ооз адабиятчылар коомунун туруктуу мүчөсү, Жазуучулар коомунун мүчөсү, Жуңго «Манас» изилдөө коомунун мүчөсү, Жуңго кыргыз Тил, адабият, тарых илимий изилдөө коомунун катчысы.