Тайыр мамбетаалы уулу

  Ыраматылык тайыр мамбетаалы уулу 1928-жылы 11-айда Артыш ооданынын тегирмети айылы Корумдук кыштагында туулган. Алгачкы жылдары тоодо мал баккан. Өз айылында баштооч мектеп окутуучусу болгон. Кашкар кыргыз уюшмасынын мүчөсү, Пайзабат ооданы каражүл районунун эл иштери жардамчысы, Пайзабат ооданы базар районунун башчысы болгон. Кызылсуу кыргыз автоном областын курууга даярдык көрүү комитетинде иштеген. Кезиндеги кызылсуу аймактык партком катчылар башкармасында катчы болгон. Кызылсуу кыргыз абтоном областтык парткомдун орунбасар секратары, Кызылсуу кыргыз автоном областынын башчысы, Автоном райондук саясы кеңештин орунбасар төрагасы болгон. 1996-жылы 4-айда пенсияга чыккан. 2005-жылы 7-айдын 5-күнү Үрүмчүдө казаа болгон.