Сүйүндүк калеш уулу

  1969-жылы үрүмчүдө туулган. Баштооч жана толук ортону бүтүргөндөн кийин, Шинжаң биңтуан ыр-бий ансамбилине кызматка орундашкан. 1987-жылдан 1995-жылга чейин биңтуан цирик үйүрмөсүндө иштеген. 1991-жылдан 1993-жылгачейин Шинжаң көркөм өнөр иниститутунда окуган. 1996-жылдан азырга чейин Шинжаң биңтуан ыр-бий ансамбилинде ырчы болуп иштеп келет. 1991-жылы биңтуан жаш ырчылар жарышында 1-даражалуу сыйлыкка татыктуу болгон. 1994-жылы Шинжаң боюнча уюштурулган аз сандуу улут обончулары жарышында 2-даражалуу сыйлык алган. 1998-жылы маданият назараты уюштурган ырчылар жарышында 2-даражалуу сыйлыкка, 2001-жылы 4-айда маданият министирлиги жагынан уюштурулган мамлекеттик 11-кезектүү аз сандуу улут обончулары жарышында «тотукуш» сыйлыгына татыктуу болгон.