Салий борбуш кызы
1942-жылы
акчий ооданы сомташ айылынын Жылуусуу деген жеринде туулган. 1953-жылы акчий
оодандык баштооч мектепти бүтүргөндөн кийин, оодандык эл банкесине кызматка
орундашкан. 1954-жылы аксуу аймактык көркөм өнөр үйүрмөсүнө, 1955-жылы автоном
райондук ыр-бий ансамбилине кызмат жөткөгөн.
Салий борбуш кызы алгы муун ырчыларыбыздын
бири, Кесиби боюнча мамлекеттик 2-даражалуу артис деген илимий атакты алган.
Өмүр баяны мамлекеттик улуттук иштер комитети жагынан чыгарылган «Обончулар
сахнасындагы улуттук гүлдөр»(1983) аттуу китепке, «Байыркы, азыркы, жуңго жана
чет елдеги атактуу аялдар» аттуу томго киргизилген, Шинжаң телевизиясында жана
Автоном райондук эл өкүмөтү уюштурган «бел ашкандар» аттуу көркөм чыгармачылык
кечинде атайын таныштырылган. «Таң жели» аттуу ыр тасмасы 1997-жылы жарык көргөн.
1989-жылы «Шинжаң кыргыздарынын ыр-бийи» аттуу сын тасманы жасоого катышкан.
Кесиби боюнча изденип Көптөгөн обондорду жазган жана ырларга обон түзгөн. Кызы
сабийра жана уулу сүйүндүктү өз кесиби боюнча тарбиялап жетиштирген. Салий борбуш
кызы жуңго музиканттар коомунун мүчөсү, Шинжаң кыргыз тил, адабият, тарых илимий
изилдөө коомунун мүчөсү, Шинжаң музиканттар коомунун аркаруу мүчөсү.