Сабыржан
турганбай уулу
1971-жылы
4-айда Иле аймагынын текес ооданында туулган. 1982-жылдан 1988-жылга чейин үрүмчү
шаарлык 36-орто мектепте окуган. 1991-жылы Шинжаң окуу-агартуу иниститутунун
ханзу тили котормочулук кесибин бүтүргөндөн кийин, Шинжаң эл басмасынын кыргыз
редаксия бөлүмүнө кызматка бөлүнгөн. 1998-жылы Шинжаң университетинин адабият
кесиби боюнча магистирлик илимий атагын алган. 2001-жылы 11-айда эл басмасы
кыргыз редаксия бөлүмүнүн орунбасар башчысы, 2003-жылы 1-айдан бери бөлүм жетекчиси
болуп жумуш аткарып келет. 40 парчадан ашуун китеп анын жооптуу редактурлугунда
басмадан чыкты, 30 дан ашуун китепти которду. Макалалары кыргызча жана ханзуча
басылмалардан жарык көргөн, редаксиясын караган китептери мамлекеттик жана автоном
райондук сыйлыктарга татыктуу болгон. Ал Жуңго «Манас» изилдөө коомунун жана
Шинжаң котормочулар коомунун мүчөсү.