Ырысбек абыканов

  Ыраматылык ырысбек абыканов 1942-жылы Иле областынын текес ооданында туулган. 1996-жылы үрүмчүдө казаа болгон. Шинжаң университетинин адабият факултетин бүтүргөн. Окуп жүргөн кезинде эле «караңгыда жазылган кат» аттуу туңгуч аңгемесин жариялаган. Казакча «Шугыла» журналында узун жыл иштеген. 1981-жылы «Шинжаң кыргыз адабияты» журналы редаксиясы курулганда кызмат жөткөп ошол журналга келген. «Ак шумкар», «Өмүр», «Уктабас түндөр», «Жуңгар алабында» сыяктуу аңгеме, повесттер жыйнактары жарык көргөн. Кара сөз боюнча калемин кайраган, адабиятчы болуудан адам болууну артык билген агедил азаматтарыбыздын бири эле. (маалымат толуктанат)