Нургазы
жумалы уулу
1968-жылы
5-мартта Кызылсуу Кызгыз автоном областынын Акчий ооданына караштуу Кулансарак
айылында туулган. 1976-жылдан 1985-жылга чейин Кулансаракта орто-баштооч мектепте
жана Кызылсуу областтык 3-орто мектепте, 1985-жылдын сентябрь айынан 1991-жылдын
июль айына чейин Шинжаң өнөр жай институтунун, <<өнөр жайды электрдик
автоматташтыруу>> кесибинде окуган. 1991-жылдын июль айынан бери ошол
институттун <<электротехника>> кафедрасында мугалим болуп иштеп
келет.
1999-жылдын сентябрь айынан 2000-жылдын июль айына чейин Шинжан университетинде
орус тили курсунда окуган. 2001-жыл 3-айдан 6-айгачейин Бейжин тил жана маданият
университетинде <<орус тили боюнча денгээлин жогорулатуу>> курсунда
окуган. 2001-жылдан 2002-жыл сентябрьге чейин мамлекеттик агартуу министрлигинин <<чет өлкөгө чыгарып окутуу>> фонду жагынан Россиянын Санкт-Петербург
(Ленинград) шаарындагы (ЛЭТИ) Ленин атындагы Ленинград Мамлекеттик Электротехникалык
Университетинин <<Машина адам жана иштеп чыгаруу системасын автоматташтыруу>>
кафедрасында адаттагы мамандар катарында бир жыл билим ашырган.
2002-жылы апрелде буткул Россия боюнча уюмдаштырылган <<электрдик кыймылга
келтиргич>> изилдөө темасы боюнча ачылган малекеттик конференцияга катышкан.
1993-жылы ноябрда <<Компьютер аркылуу уйгур жазуусунда айлык башкаруу
системасы>> аттуу изилдөө темасын бүтүрүп, автономиялык райондун мамандар
группасы жагынан <<автономиялык райондун илим-техника натыйжалары >>күбөлүгүнө(сыйлыгына)
татыктуу болгон. 2002-жылы сентябрда Кыргызстандын Бишкек шаарындагы Кыргыз
Улуттук Техникалык Университетинде ачылган 4- эл аралык <<табият, техника
илимин мамлекеттик тилде окутуунун көйгөйлөрү>> аттуу эл аралык конференцияга
катышкан жана илимий макалалар жыйнагында 2 макаласы жырыяланган.
2004-жылы 27-октябpда Шинжаң боюнча ачылган 5-кезектүү <<жаштар, илим
техника>> конференциясына катышкан жана конференциянын жыйнагында 1 макаласы
жарыяланып жакшы баага татыктуу болгон. 2005-жыл 8-айда мамлекеттик илим-техника
талкуу жыйынына катышкан.
Азырга чейин 20 чакты илимий макаласы, ханзуча (кытайча), орусча, кыргызча,
уйгурча тилдер боюнча мамлекет ичи сыртында журнал, жыйнактарда жарыяланды,
2 макаласы орус тилинде, эл аралык макалалар жыйнагында жарык көрдү. <<Азыркы
замандын гомери Жүсүп Мамай>> сыяктуу 3 котормо макаласы, которгон 2 китеби, <<англизче-Орусча-Кыргызча компьютердик тестөө сөздүгү>>(2003-жыл
Бишкек), Ханзуча- англизче–Кыргызча компьютер технология сөздүгү, (2003-жыл
Бишкек) жарык көрдү. Макалалары <<тил жана котормо>> журналында,
ырлары <<шинжаң кыргыз адабиятында жарык көрдү.
Ал азыр Шинжаң электр машиналары курулушу коомунун, Автономиялык райондук илим-
техниканы жалпылаштыруу жазуучулары коомунун, жуңго машиналаштыруу курулушу
илимий коомунун мүчөсү.