1964-жылы
8-айдын 21-күнү кызылсуу кыргыз автоном областы улуучат ооданынын бостонтерек
айылында туулган. Башталгыч жана орто мектептерди артыш шаарында окуган. 1982-жылы
7-айдан 1987-жылы 7-айгачейин шинжаң университетинин математика факултетинде
окуган. 1987-жылдан бери шинжаң агартуу басмасынын кыргыз бөлүмүндө иштеп келет.
2000~2002-жылдары шинжаң университетинин жуңго тили факултетинин иштен сырткы
аспранттык киласында окуган, 2004-жылы орус тили боюнча мамлекеттик сыноодон
өтүп аспранттык атагын алган.
Ал кызматка катышкандан бери орто жана башталгыч мектептердин математика, физика,
саясат, кооз өнөр сыяктуу илимдер боюнча окуулуктарын түзүү, которуу жана редаксиялоо
кызматтарын иштеп келди. 1995-жылы 5-айдан бери тарта агартуу басма кыргыз бөлүмүнүн
орунбасар жооптуусу, 2000-жылдан бери кыргыз бөлүм жетекчиси болуп иштеп келет.