1946-жылы
нооруз айында акчий ооданы карачий айылынын жайлоо деген жеринде туулган. 1964-жылы
7-айда кызылсуу дарилмугалимди бүтүрүп кызматка катышкан. Өздүгүнөн үйрөнүп
университет деңгеелине жеткен. Акчий ооданындагы орто-башталгыч мектептерде,
мурдагы борбордук улуттар иниститутунда мугалим болгон. Акчий оодандык эл өкүмөтүндө
катчы, Автоном райондук аз сандуу улуттардын байыркы чыгармалары ишканасында
жана Шинжаң эл басмасынын кыргыз редаксия бөлүмүндө редактор болгон. Кесиби
боюнча адис редакторлук илимий атагын алган.
Ал редакторлук жумушун иштөө барышында 110 парчадан ашуун ар түрдүү мазмундагы
китептерди редаксиялаган. Анын ичинен 15 парча китеп мамлекет, министирлик жана
автоном район даражалуу сыйлыктарга татыктуу болду. «Азыркы заман кыргыз тили»,
«Азыркы заман кыргыз тилинен жалпы баян», «Тил илими аталмалары сөздүгү», «Кыргыз
тилинин лекскологиясы», «Кыргыз тилинин тыбышташ сөздөр сөздүгү», «Эне тил»,
«Жаңыл-Мырза», «Манас» (уйгурча карасөз түрүндө) сыяктуу китептерди, 20 парчадан
ашуун илимий макалаларды жазган. Ал жана «Кутадгу билик», «Бөртечоно»(Чиңгизхандын
тарыхы), «Мекен», «Муратбек» сыяктуу чыгармаларды өзү жеке жана айрымдарын башкалар
менен биригип которуп басмадан чыгарган. «Мухтасар кыргызия», «Кызыл кыргыз
тарыхы», «Кыз сайкал» сыяктуу чыгармаларды басмага даярдаган.
Нооруз үсөналы он канча жылдык өмүрүн Жүсүп мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун
төгүлбөй-чачылбай өз батынча басмадан чыгуусуна арнады. Аны 8 бөлүм, 18 китеп
кылып басмадан чыгарды. Артынан эле ошол 18 том китепте кеткен каталыктарды
түзөтүп, 16 форматтуу 2 чоң том кылып калың элге тартуулады. Ал эки китеп славиян
жазуусунда бир чоң том кылып басылып кыргызыстанга таратылды.