1930-жылы
аксуу көнө шаар ооданынын жам айылы шашкүн кыштагында туулган. 1941-жылдан 1946-жылгачейин
боздөң мектеп жана аксуу көнө шаардык 1-баштооч мектепте окуган. 1949-жылдан
1953-жылгачейин аксуу көнөшаар ооданында малия бөлүм жана калк иштер бөлүмүнүн
башчысы болгон. 1955-жылы 5-айгачейин шинжаң уйгур автоном раёндук партия мектебинде
окуган. 1955-жылдан 1982-жыл 2-айгачейин кызылсуу кыргыз автоном областтык партком,
эл өкмөтү, областтык партия мектеп жана областтык гезитканада котормочу, мугалим,
котормочулар ишканасынын башчысы, катчы, өкмөт ишканасынын орунбасар башчысы
сыяктуу милдеттерди аткарды. 1982-жылдан 1990-жылгачейин шинжаң эл радио стансиясынын
кыргызча уктуруу бөлүмүнүн башчысы болгон. Ал шинжаң эл радио стансиясынын кыргызча
уктуруу бөлүмүнүн байдубалын түптөөчүлөрдүн бири. Азыр эс алууда.