Муса
Ысак уулу
1961-жылы
2-айдын 24-күнү Улуучат ооданынын Бостонтерек айылында туулган. 1981-жылы 7-айда
Улуучат оодандык 1-орто мектепти бүтүрүп кызылсуу облустук мугалимдик мектепке
кабылданган. 1983-жылы «Кызылсуу гезити» кыргыз редаксиясына кызматка бөлүнгөн.
1992-жылга чейин редакторлук, кабарчылык кызматтарын иштеген жана кыргыз редаксиясынын
орунбасар мудуру болгон. 1992-жылы Улуучат оодандык радио-теле мекемесине жөткөлгөн.
1993-жылы Улуучат оодандык эл өкмөт ишканасынын орунбасар мудуру болгон. 1994-жылы
Батыш-түндүк улуттар иниститутунун кадырларды тарбиялоо борборунда кытай тили
кесиби боюнча эки жыл билим ашырган. 1996-жылы 7-айдан бери тарта оодандык радио-теле
мекемесинде редакторлук жана кабарчылык кызматтарын иштеп келет.
«Оргума» аттуу ырлар жана
дастандар жыйнагы 1991-жылы кызылсуу кыргыз басмасынан жарык көргөн. Гезит-журналдар
жана опшу жыйнактарда бир топ аңгемелери, дастандары жана ырлары жарык көрдү.
1983-жылы автоном район боюнча өткөзүлгөн балдар адабиятын баалоодо биринчиликти
жеңип алган. 1990-жылы чыгаан редактор болуп бааланган. Жазган Кабар макалалары
жана радио программалары мамлекеттик жана автоном район даражалуу сыйлыктарга
татыктуу болгон.
Муса Ысак уулу Шинжаң жазуучулар
коомунун мүчөсү, кызылсуу кыргыз автоном облустук жазуучулар коому жана Фото
сүрөтчүлөр коомунун мүчөсү.