1948-жылы
10-айда Иле аймагынын Чапчал ооданы кыргыз кыштагында туулган. 1956-жылдан 1966-жылга
чейин Кулжа шаарында баштооч жана орто мектептерде, 1973-жылдан 1977-жылга чейин
мурдагы Шинжаң өнөржай иниститутунда окуган. 1981-жылга чейин Күйтүн шаарында
кызмат иштеген. 1981-жыл 9-айда Шинжаң агартуу басмасынын кыргыз бөлүмү куруларда,
агартуу басмасына кызмат жөткөп келген. Ал агартуу басмасы кыргыз бөлүмүн куруучулардын
бири. Алгачында кыргыз баштооч мектептеринин биринчи жана экинчи жылдыктарынын
окуулугун жалгыз иштеп басмадан чыгарган. Ал түзгөн жана редаксиясын караган
окуулук китептер 300 парчадан ашат. 1997-жылы ал Шинжаң агартуу басмасынын башкы
редаксия бөлүмүнө жөткөлгөн. 1998-жылы кыргыз орто, баштооч мектептеринин «Адабият»
жана «Музика» окуулуктарын түзүүгө Шинжаңдын жер-жерлеринен мугалимдер жана
мамандарды чакыртып, өзү жооптуу болуп кыргыз мектептеринин «Музика» окуулук
китептерин биринчи жолу жарыкка чыгарган. 2004-жылдан баштап буга «Алиппе»,
«Ене-Тил» окуулуктарын түзүү жумушу кошулду. Бул жумуштарды да тиңгылыктуу аткарып
келет. Анын жооптуу редакторлугундагы кее бир китептер, мамлекеттик жана овтоном
райондук окуулук китептерди баалоодо сыйлыктарга татыктуу болгон. Мырза Дүйшеке
уулу агартуу басмасы кыргыз бөлүмүнүн орунбасар мудуру, басма бөлүмүнүн мудуру,
башкы редаксия бөлүмүнүн мудуру сияктуу милдеттерди аркалап келет.