Мембетжан Сулайман уулу

 1980-жылы 1-айдын 15-күнү Артыш шаары Тегирмети айылынын ыдыраң кыштагында туулган. 1986-жылдан 1992-жылга чейин баштооч мектепте, 1992-жылдан 1995-жылга чейин Кызылсуу областтык 3-орто мектепте окуган. 1995-жылдан 1998-жылга чейин Кызылсуу областтык мугалимдик мектебинде окуган. 2002-жылдан 2004-жылга чейин Шинжаң агартуу иниститутунун музика факултетинде билим ашырган. Кызылсуу областы жана артыш шаары жагынан уюштурулган Ыр жарыштарында жакшы бааларга татыктуу болгон. 2004-жылдан бери тарта баштооч мектептердин музика окуулугун түзүү кызматына катышууда.
 Бул жаш талант ээси өзүнүн кубулжуган доошу, музикага болгон терең сүйүүсү менен областтын жер-жерлеринде консерт номурларын көрсөтүп, журтчулуктун жакшы баасына татып келет.