Мамбеттурду мамбетакун уулу

  1965-жылы артыш шаарына караштуу тегирмети айылынын корумдук кыштагында туулган. 1988-жылы 7-айда шинжаң университетинин тил-адабият факултетин бүтүрүп, шинжаң коомдук илимдер академиясынын улуттар адабиятын изилдөө ордуна кызматка бөлүнгөн. Азыр шинжаң пидагогика университетинин Филология иниститутунда окутуучу, дотсент жана аспрант жетекчиси болуп иштейт. Ал мамлекеттик жазуучулар коомунун мүчөсү, мамлекеттик жаштар бирлешмеси 8-, 9-кезектүү комитетинин мүчөсү, Шинжаң жазуучулар коомунун орунбасар төрагасы сыяктуу милдеттерди аркалайт.
  Алгачкы туундусу <<Жүрөгүм>> аттуу ырлар жыйнагы 1992-жылы жарык көргөн. Ага улап 1994-жылы адабий сын макалалар жыйнагы <<өзүбүздү унутпайлы>>, 1996-жылы "кыргыз адабият тарыхы"нын 2-бөлүгү шинжаң эл басмасынан жарык көргөн (бул китеп 1991-жылы мамлекеттин 8-беш жылдык орчундуу изилдөө темасына киргизилген эле). Өзү жеке жана башкалар менен бирлешип "манас эпосунун вариянттары жана манасчылык", "карт дастан"(1998), "кыргыздын жөрөлгөлүү илим-техника маданияты"(2001), <<сайрап өткөн сандыгач>>(1995) катарлуу китептерди түздү. Германиялык түрколог Гундула салк менен биргелешип жазган "хыйлоңжиаң кыргыздары" аттуу китеби 1998-жылы полшада ангилиз тилинде жарык көрдү жана өзү жазган "кыргыз адабият тарыхы" аттуу китеби 2005-жылы ханзу тилинде жарык көрдү.
  2000-жылы жана 2004-жылдары коомдук илимдер фонду боюнча мамлекеттик тема <<епикалык жөрөлгө жана кыргыз эл дастандары>>,"кыргыз эл ооз адабиятында __ памир мектеби" аттуу түрлөрдү иштеп бүтүрдү. <<жуңго кыргыздары>> энисклопедиясын жазууга катышты жана <<жуңго тарыхый жазмаларында кыргыздар>> аттуу китепти которуп түзүүгө жооптуу болду. 1994-жылы кесиби боюнча адис изилдөөчү илимий атагын алган жана 2000-жылы жуңго кыргыздары арасынан туңгуч болуп автоном район боюнча илимге эмгек сиңирген маман деген ардактуу наамды алган. Азырга чейин 60 дан ашуун илимий макаласы кыргызча, уйгурча, ханзуча, казакча, ангилизче жана франсузча илимий журналдарда жарык көрдү. кее аңгемелери жана ырлары ханзу тилине которулду.
  Мамбеттурду кыргызстанда чыккан "кытайдагы кыргыз назы" аттуу үч кишилик ыр жыйнактын абторлорунун бири. илимий макалалары жана адабий чыгармалары мамлекеттик жана автоном райондук сыйлыктарга татыктуу болгон. ал "манас" эпосу, кыргыз таануу жана аз улуттардын азыркы доор адабиятын изилдөө жактарында белсемдүү эмгектенип келет.