1962-жылы
7-айдын 23-күнү Улуучат ооданына караштуу Көөнө улуучат айылы Жасыкечүү кыштагында
туулган. Жети жашынан эле комуз үйрөнө баштаган. 14 жашында акордион үйрөнгөн.
1981-жылы Шинжаң көркөм өнөр иниститутунун музика чыгармачылык кесибине окууга
кирген. 1984-жылы 8-айда окуу бүтүргөндөн бери тарта, Шинжаң эл радио станциясынын
адабият-көркөм өнөр бөлүмүндө музика редакторлук кызматын иштеп келет. Елдик
обон-күүлөр, Ырлар, «манас» оозеки вариянттары, балдар ырлары жана радио драммалары
сыяктуу 3000 парчадан ашуун чыгарманы лентага алып кыргыз радиосунун Фондуна
кийирген. Өзү жазган жана аткарган обон-күүлөрү эл ичинде кеңири ырдалып жүрөт.
Кее чыгармалары мамлекет жана автоном район жагынан өткөрүлгөн чыгармачылык
мелдештеринде сыйлыктарга татыктуу болгон. Музикант Ыбрай турганалы уулу экөө
бирдикте жазган «Кыргыздын элдик күүлөрү» аттуу китеби басма бетинен жарык көрдү.
«Перизат», «Достук белеги» аттуу үн тасмаларын чыгарды. Маматнур түкөн уулу
автоном райондук музиканттар коомунун мүчөсү.