Макен асаналы уулу

 1971-жылы 11-айдын 26-күнү аксууда туулган. 1978-жылдан 1985-жылга чейин Аксуу аймактык 9-баштооч мектеп жана Үчтурпан оодандык 1-орто мектептерде окуган. 1986-жылы Акчий оодандык көркөм өнөр үйүрмөсүнө кабылданып, Атактуу комузчу мамет төлөмүштөн нота жана күү үйрөнгөн. 1987-жылдан 1990-жылга чейин Кашкар аймактык көркөм өнөр мектебинде искоропка боюнча билимин толуктаган. 2002-жылдан 2004-жылга чейин Шинжаң көркөм өнөр иниститутунун музика чыгармачылык кесибинде билим ашырган.
  Анын 100 дөн ашуун обону жана музикалык чыгармалары жарык көргөн. «Урпак зары», «Жолуңду карай берем», «Ата-журт ажары», «Жаш жүрөк» өңдүү көптөгөн обондору жана күүлөрү автоном район жана автоном област даражалуу чыгармачылык сыйлыктарына татыктуу болгон. 2002-жылы маданият министирлиги тарабынан уюштурулган улуттук маданият жыйналышына катышып, комуз боюнча атайын темада макала жактап, сапарбай айылына «комуз айылы» деген сыймыктуу атак алып берген. Ал Жуңго музиканттар коомунун мүчөсү, кызылсуу областтык музиканттар коомунун туруктуу мүчөсү.