Кармыштегин макелек өмүрбай уулу

   1956-жылы 3-айдын 10-күнү кызылсуу кыргыз автоном областынын улуучат ооданы көөнө улуучат айылындагы чоң терексуу кыштагында туулган. 1980-жылы шинжаң университетинин жуграпия факултетин бүтүргөн. 1981~1982-жылдары борбордук улуттар иниститутунда тил илими жана кыргыз тили грамматикасы боюнча билим толуктурган. Азыр шинжаң уйгур автоном райондук улуттар тил-жазуу комитетинин орган журналы болгон (5 тилде чыгуучу) «Тил жана котормо» журналдар басмасынын башчысы, кыргыз редаксиясынын жооптуу редактору, башкы адис редактор болуп иштейт. Ал кыргыз мамлекеттик тил жана маданият иниститутунун ардак профессору, Жуңго «манас» изилдөө коомунун башкы катчысы, жуңго түркү тилдер изилдөө илимий коомунун орунбасар башкы катчысы, шинжаң кыргыз тил, адабият, тарых илимий изилдөө коомунун орунбасар башчысы жана башкы катчысы, шинжаң котормочулар коомунун турактуу башкаруу мүчөсү, шинжаң эл ооз адабиятчылар коомунун мүчөсү.
  Макелек өмүрбай уулу кажыбас кайраттуу, мол түшүмдүү кыргыз илимпозу. Ал илимий емгектери менен кыргызыстан элинеда таанымал болду. Айтууга арзыган урунттуу емгектеринен: «Ханзуча-кыргызча сөздүк» башкы түзүүчү (1999) шинжаң эл басмасы, «Тил илими негиздери» (бирөө менен бирге түзгөн) шинжаң эл басмасы, «кыргыз эл ооз адабияты негиздери»(1994) кызылсуу кыргыз басмасы (бул китеп кыргызстандан чыккан «кыргыздар» аттуу китептин 3-томуна толук киргизилген), «кыргыз жазуусунун емила сөздүгү»(1989) шинжаң эл басмасы сыяктуулар бар. ошондой эле 1983-жылдан бери шинжаң агартуу басмасынан чыккан орто жана баштооч мектептердин «эне тил», «кыргыз тили» окуулук китептерин үнөмү түзүп иштеп келди, кыргыз тил жазуусун изилдөө, «манас» епосун изилдөө жана адабият, элдик адабият жайытындагы арбын илимий изденүү-изилдөө макалалары кыргызстан жана мамлекетибиз илим салаасында таанымал болду, котормо жөнүндө макалалар жазды жана көптөгөн китептерди которууга, түзүүгө жана редаксиялоого катышты.