Калеш жееналы уулу

  1933-жылы 12-айдын 5-күнү Атбашыда туулган. 1934-жылы какшаалга келген. 1942~1947-жылдары аксуу аймактык баштооч мектепте окуган. 1947-жылы аксуу дарилмугалимди бүтүргөн. 1952-жылы Шинжаң бюро кадырлар мектебин бүтүргөн. Ошол жылдан баштап шинжаң биюросунун бирдиксап бөлүмүндө иштеген, аталган бөлүмдүн котормочулар бөлүмүнүн башчысы, бирдиксап бөлүм улуттар кызматы башкармасынын башчысы болгон.
  Калеш жееналы уулу жуңго «манас» изилдөө коомунун акылчысы, Шинжаң кыргыз тил, адабият, тарых илимий изилдөө коомунун орунбасар төрагасы, Шинжаң жер аттарын изилдөө коомунун аткаруу мүчөсү, Шинжаң котормочулар коомунун аткаруу мүчөсү жана шинжаң коомдук илимдер академиясынын аткаруу мүчөсү.