1966-жыл
4-айда кызылсуу кыргыз автоном облусунун артыш шаарына караштуу тегирмети айылы
ыдыраң жергесинде жарык дүйнөгө көз ачкан. Баштооч жана орто окууну өз айылы
жана облустук 3-орто мектептерде бүтөгөн. 1983~1988-жылдары шинжаң университетинин
закон илими факултетинде окуган. 1988-жылдан бери шинжаң эл радио станциясынын
кыргызча уктуруу бөлүмүндө котормочу, кабарчы, редактор жана кошумча диктор
болуп жумуш аткарып келет. Студенттик күндөрүнөн баштап эле чыгармалар жазып
гезит-журналдарда жариялаган. Ой толгоолору, котормолору, ырлары жана көркөм
жазуу жөнүндөгү туундулары кыргызча жана уйгурча басылмалардан жарык көрдү,
Бир мунча окуулук китептерди которду. 2001-жыл 9-айда <<Кызгылт Таң>>
аттуу ырлар жыйнагы шинжаң эл басмасынан жарык көргөн.