Жоро маметасан уулу

 1974-жыл 2-айдын 5-күнү улуучат ооданында туулган. 1996-жылы Шинжаң Хотен педагогикалык жогору техникомунун адабият факултетин бүтүргөн. 1996-жыл 9- айдан 1999-жыл 4-айга чейин,Улуучат ооданы оксалыр айылы оксалыр кыштагынын башчысы, оодандык эл өкүмөтүндө катчы, котормочу болгон. 2001-жылга чейин, Үрүмчү ооданынын Дивопо айылында милдет менен такшалган жана Шинжаң университети филология иниститутунун уйгур тил-адабияты кесибинде өздүгүнөн үйрөнүп билимин толуктурган. 2001-жыл 7-айдан 2005-жыл 3-айга чейин, «Кызылсуу гезити» кыргыз редаксиясында кабарчы, редактор жана котормочу болуп иштеген. 2005-жыл 3-айдан бери, борбордук улуттар иниститутунун адабият жана акпарат иниститутунун акпарат кесибинде Магистр аспранттык боюнча окууда. 2005-жылы 10-айдан баштап XJTV нин сыртка программа таратуу борборунда редактор болуп иштеп келет.