Жакыбалы баялиев

 1936-жылы 6-айдын 15-күнү акчий ооданынын сомташ айылы кызылгүмбөз кыштагында туулган. 1956-жылы шинжаң университетин бүтүрүп, ошол окуу жайынын өзүндө мугалим болуп калган. 1960-жылдан 1962-жылгачейин Бейжин университетинде билим ашырган. «Айтылбаган сыр, Ачылбаган дептер» сыяктуу аңгемелери, «Камчы», «Ак булут», «Өч алуу» сыяктуу повесттери, «Кашка суу», «Белек», «Нобел» аттуу китептери жарияланган. Ал өз эмгеги аркылуу курган «Ата-тоо» сыйлыгы, Акчий ооданына орноткон манастын чоросунун айкели үчүн, 2004-жылы 7-айдын 27-күнү Тургунбай садыковго берилген. Акын, профессор жакыбалы баялиев Шинжаң кыргыз тил, адабият, тарых илимий изилдөө коомунун орунбасар иш аткаруучусу, Жуңго «манас» изилдөө коомунун туруктуу мүчөсү, Шинжаң жазуучулар коомунун мүчөсү, Шинжаң эл ооз адабиятчылар коомунун мүчөсү.