1938-жылы
12-айда акчий ооданы карачий айылынын Жайлоо деген жеринде туулган. 1943-жылдан
1950-жылга чейин акчийде окуган. 1954-жылга чейин аксуу дарилмугалимде, 1957-жылга
чейин үрүмчү мал-чарбачылык техникумунда окуган. 1957-жылы автоном райондук
дың жер ийгерүү назаратына кызматка бөлүнүп, 1974-жылга чейин катчы болуп иштеген.
1975-жылдан 1980-жыл 6-айга чейин Шинжаң өндүрүш-курулуш биңтуанында иштеген.
1980-жыл 6-айда автоном райондук радио-теле назаратына жөткөлүп, радио стансия
кыргыз гуруппасынын орунбасар башчысы болгон. 1984-жылы радио-теле назараты
акимчилик башкармасынын орунбасар башчысы болгон. 1990-жылы Шинжаң эл радио
стансиясы кыргыз бөлүмүнүн башчысы болгон. Ал 1958-жылдан тартып ыр жаза баштап,
Гезит-журналдарда жариялаган, ыр текисттери радиодо берилип келет. «Ой учкундары»
аттуу ырлар жыйнагы 1995-жылы Шинжаң эл басмасы жагынан жарык көргөн.
Ал жуңго «Манас» изилдөө коомунун мүчөсү, Шинжаң кыргыз Тил, Адабият, тарых
изилдөө коомунун туруктуу баш катчысы, Шинжаң эл ооз адабиятчылар коомунун мүчөсү.
1997-жылдан бери эсалууда.