Жаанбай асаналы уулу

 1964-жылы Акчий ооданы карачий айылынын акчий кыштагында туулган. 1980-жылдан 1984-жылга чейин Ланжу шаарындагы батыш-түндүк улуттар иниститутунун ханзу тил-адабият факултетинде окуган. 1988~1989-жылдары борбордук кооз өнөр иниститутунун журналисттик кесибинде билим ашырган. 1986-жылдан бери «Шинжаң кыргыз адабияты» редаксиясында редакторлук Жумушун иштеп келет. Кызылсуу кыргыз басмасынан «Чийир», Шинжаң эл басмасынан «Жылдар изи» Аттуу ырлар жыйнагы жана «Мавдун аңгемелер жыйнагы» аттуу котормо китеби басылып чыккан. Аңгемелери жана адабий сын макалалары ханзуча жана уйгурча басма беттеринен жарык көргөн. Өмүр баяны мамлекет ичи жана сыртындагы көлөмдүү жыйнактарда тааныштырылган.
Ал азыр автоном райондук жауучулар коомунун, Шинжаң кыргыз тил, адабият, тарых илимий изилдөө коомунун, Жуңго түркү тилдер изилдөө коомунун, Жуңго «манас» изилдөө коомунун жана Шинжаң эл ооз адабият көркөм өнөрчүлөр коомунун, Жуңго аз сандуу улут жазуучулар илимий коомунун мүчөсү.