Алмамбет
оторбай уулу
1948-жылы
5-айдын 15-күнү Акчий ооданы кулансарак айылынын жаманаңыз кыштагында туулган.
1962-жылга чейин баштооч жана толук орто мектептерде окуган. 1965-жылы 8-айда
Шынжаң каттоо назараты ачкан шопурлук мектепке окууга кирген. 1965-жылы 11-айдан
1973-жыл 5-айга чейин Шынжаң каттоо назаратынын корладагы баш очасткасында жумушчу
болуп иштеген. 1973-жыл 5-айдан 1981-жыл 11-айга чейин Акчий оодандык дийканчылык
машиналарын ремонттоо зоотунда иштеген жана Гуаңдоң өлкөсү жоңшан ооданында
мантёрлук боюнча билим ашырган. 1982-жылы 3-айда Шинжаң эл радио стансиясы кыргыз
бөлүмү курулаарда кызмат жөткөп келген. 1988-жылдан 1991-жылга чейин Шинжаң
униберситетинде котормочулук кесиби боюнча билим ашырган. 2002-жылы 8-айда пенсияга
чыккан. Шинжаң эл ооз адабиятчылар коомунун мүчөсү. Алмамбет оторбай уулунун
түрдүү жанырдагы 300 парчадан ашуун котормо жана кабар макалалары биздин басылмаларда
жана кыргызыстанда жарык көргөн.