Адил ашым уулу

 1975-жылы 6-айда Улуучат ооданында туулган. 1981-жылдан 1991-жылга чейин баштооч жана орто мектепте окуган. 1991-жылы Улуучат оодандык уламучурга кабылданган. 1994-жылдан 1998-жылга чейин борбордук театр иниститутунун театр аткаруучулук факултетинде окуган. 1998-жылы шинжаң опера-театр үйүрмөсүнө кызматка бөлүнгөн. 2002-жылы шинжаң телевизиясынын көркөм өнөр бөлүмүнө жөткөлүп келген. Азыр шинжаң телевизиясынын кыргызча көрсөтүү бөлүмүндө программа жүргүзүүчүлүк милдетин аткарууда.
Адил Ашым уулу театр аткаруучулук кесиби боюнча атайын билим алган алгы муун жаш актёр. «Эне жөнүндө жомок», «Нур тай», «Парат-Ширин», «Жалкоолук» сыяктуу опера жана драммаларда кыргызча жана уйгурча ролдорго чыгып көрөрмөндөрүнөн жакшы баа алган. Ал жуңго театрчылар коому Шинжаң коомунун мүчөсү.