1961-жылы
1-айда үчтурпан ооданы жамансуу кыргыз улуттук айылында туулган. 1978-жыл 3-айдан
1983-жыл 7-айга чейин шинжаң 1-август айыл чарбачылык иниститутунда окуган.
1983-жылы 3-айдан 1987-жылы 12-айга чейин аксуу аймактык мамуру мекеменин мал
чарбачылык башкармасында иштеген. 1987-жыл 12-айда Шинжаң эл басмасы кыргыз
бөлүмүнө жөткөлүп редакторлук кызматын, кошумча котормочулук кызматын иштеген.
1999- жылы адис редакторлук атагын алган. Эл басмасынын кыргыз бөлүмүндө орунбасар
мудур жана мудурлук милдеттерди аткарды. Ал азыр Шинжаң эл басмасы универсал
ишканасынын орунбасар мудуру, тартип текшерүү, ревизия ишканасынын орунбасар
мудуру болуп иштейт. Жуңго «манас» эпосун изилдөө коому, Шинжаң эл ооз адабиятчылар
коому, котормочулар коому сыяктуу илимий коомдорго мүчө. Шинжаң аз сандуу улуттар
байыркы чыгармаларын жыйноо, иреттөө, басмадан чыгаруу боюнча жетекчилик гуруппасынын
орунбасар башчысы. Абдырай осмон уулу 60 тан ашуун китептин редаксиясын кароого
катышты. Анын баш редакторлугунда басмадан чыккан китептери жана которгон китептери
мамлекеттик жана автоном райондук китеп баалоо сыйлыктарын жеңип алган.